Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:48

КСДП жаңы үлгүдөгү партбилет тарата баштады


КСДПнын жаңы үлгүсүндөгү партиялык билеттери.
КСДПнын жаңы үлгүсүндөгү партиялык билеттери.

Кыргызстан социал-демократиялык партиясы (КСДП) жаңы үлгүдөгү партиялык билеттерди тарата баштады. Бул тууралуу партиянын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева өзүнүн "Фейсбуктагы" баракчасына жазды.

"КСДПнын урматтуу мүчөлөрү! Партиялык билеттерди тапшыруу кызуу жүрүп жатат. Жаңы партбилеттер QR-коду менен жогорку деңгээлде корголгон. Жалпы электрондук маалымат базасы түзүлүүдө. Документти алмаштырыш үчүн партиянын катчылыгына тийиштүү арыз жазыш керек" деп жазылган билдирүүдө.

Кундуз Жолдубаева билдирүүгө өзүнүн партиялык билетинин сүрөтүн да кошо тиркеген. Жаңы үлгүдөгү партбилеттерди тапшыруу жараяны май айына чейин созулары айтылууда. (KR)

XS
SM
MD
LG