Индонезиянын куткаруучулары цунамиден аман калгандарды издөө иштерин улантууда. Акыркы маалыматтарга ылайык цунамиден өлгөндөрдүн саны 429 кишиге жетти, дагы 1400дөй киши ар кандай жаракат алган. Мындан тышкары кеминде 128 адам дайынсыз болуп жатат.
Индонезиянын Метеорология жана геофизика боюнча агенттигинин окумуштуулары цунами өлкөнүн Ява жана Суматра аралдарынын ортосундагы кысыкта Анак-Кракатау жанар тоосунун атылышынан улам пайда болду деп болжолдоп жатышат.
Ушул жекшембиге караган түнү жанар тоо атылгандан кийинки суудагы толкундун бийиктиги үч метрге жеткен. Индонезияда буга чейин быйыл сентябрда жер титирөөдөн кийин болгон цунамиде 2500 адамдын өмүрү кыйылган.
Ал эми 2004-жылдын 26-декабрында зилзаладан кийинки цунами Инд океанынын айланасындагы 13 мамлекеттин, анын ичинде Индонезиянын, Шри-Ланканын, Индиянын, Таиланддын жээктерин каптаганда 230 миң киши кырылган.