Индиянын, Ирандын жана Ооганстандын өкүлдөрү 24-декабрда Чабахар портунда жолугуп, аны башкарууну расмий "Indian Ports Global Ltd." компаниясына өткөрүп беришти.
Инд океанындагы Ирандын порту Индияга аймактагы атаандашы Пакистанды айланып өтүп, Борбор Азия менен соода кылууга мүмкүнчүлүк берет. Ал негизинен Делинин каражатына курулган.
Ирандын мамлекеттик ИРНА агенттигинин кабарына караганда, стратегиялык порт индиялык компанияга 18 айга ижарага берилди. Келишимде ижара мөөнөтүн дагы 10 жылга узартуу мүмкүнчүлүгү каралган. Маалыматта "Indian Ports Global Ltd." порттогу жүктү түшүрүү, жүктөө жана башкаруу укугун алды.
Мамлекеттик департамент ноябрда Ирандын Чабахар портун санкциялардын тизмесинен чыгарган. Мындай чечим деңизге чыгууга мүмкүнчүлүгү жок Ооганстан үчүн аталган порттун маанилүү экендиги менен түшүндүрүлгөн.
Дели 2001-жылы талибдердин өкмөтү кулатылгандан бери Ооганстанды өнүктүрүүгө 2 миллиард доллар берген.