Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Декабрь, 2021 жума, Бишкек убактысы 04:09

Ысык-Көл облусунда балдардын бирдиктүү базасы түзүлөт


Иллюстрациялык сүрөт.

Ысык-Көл облусунда мектепке чейинки жана мектеп жашындагы балдардын маалыматын камтыган бирдиктүү база түзүлөт. Бул тууралуу өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Элмира Усенова билдирди.

Бул штабдын негизги максаты жаш балдарга каршы жасалган зордук-зомбулуктун кесепетин жоюу жана үй-бүлөдөгү моралдык-психологиялык абалды оңдоо болуп эсептелет.

- Акыркы убакта балдарга каршы зордук-зомбулук көп катталууда. Акыркы эки айдын эле ичинде суицид фактылары катталды. Жакында эле Жети-Өгүз айылынан бир жарым жашар наристе зомбулуктун кесепетинен чарчап калды. Бул иш бизде буга чейин жетишсиз болуп келгенин жогоруудагы факт далилдеди, - деди Усенова.

Мындан сырткары, бирдиктүү базага мигранттардын жана өзгөчө диний көз караштагы үй-бүлөлөрдүн балдары тууралуу маалымат киргизилип, бул боюнча кеңири талдоо жүргүзүлүп, алардын баары паспортизациядан өткөрүлөт. Ата-энелери миграцияда жүргөн мектепке чейинки жана мектеп жашындагы балдар кандай үй-бүлөдө тарбияланып жаткандыгы, андай үй-бүлөлөрдүн ички психологиялык абалы каралат. Элмира Усенова бул маселе боюнча ай сайын текшерүүлөр жүргүзүлүп, алар бирдиктүү базага киргизилип турарын билдирди. (AsM)

XS
SM
MD
LG