Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Ноябрь, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 21:26

КСДП штабынын эсепчисинин уулу Кыргызстанга кайтып келди


Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) штабынын эсепчиси Надира Сатыгулованын уулу, Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Адилет Сатыгулов Кыргызстанга кайтып келди. Ал бүгүн БШКнын жыйынына катышты. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна БШКнын басма сөз катчысы Жылдыз Шеримбекова билдирди. Азырынча Адилет Сатыгулов менен байланышуу мүмкүн боло элек.

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, КСДПнын штабынын эсепчиси быйыл 11-ноябрда, президенттик шайлоонун чыгымдары тууралуу документтер социалдык тармактарга жарыяланардан төрт күн мурда Кыргызстандын аймагынан чыгып кеткен. 18-ноябрда эсепчинин баласы да өлкөдөн сыртка кеткени белгилүү болгон.

КСДП Надира Сатыгул коопсуздугунан чочулганы үчүн ушундай кадамга барганын билдирген. Бирок ал кайсы мамлекетке кеткени тууралуу маалымат берген эмес.

Буга чейин БШКнын төрагасынын орун басары Абдыжапар Бекматов бир ай Кыргызстандан тыш жүргөн Адилет Сатыгулов талкуулаган маселелер боюнча почта аркылуу добуш берип жатканын билдирген.

ИИМ штабдын эсепчиси кайтып келип, ички иштер органдарына кайрылса анын коопсуздугу сактала турганын билдирген. (КЕ)

Пикирлерди көрүңүз (11)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG