Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Декабрь, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 03:15

ИМ тобу Ливия менен Иракта чабуул жасаганын билдирди


Ливия тышкы иштер министрлигинин имараты чабуулдан кийин. 25-декабрь, 2018-жыл.

Өзүн “Ислам мамлекети” атаган террордук топ Ливия менен Ирактагы кол салууларга жоопкерчиликти алды.

25-декабрда Триполидеги кол салууда үч киши курман болуп, жыйырмадан ашууну жаракат алган. Алгач Тышкы иштер министрлигинин алдында машинеге салынган бомба жардырылып, андан кийин куралчан үч жоочу имараттын кире беришинде ок атышкан.

Ушул эле күнү Ирактын Тал Афар шаарында автоунаанын ичине коюлган бомба жарылып, 11 киши жарадар болгон.

200 миңдей калкы бар шаардан былтыр августта "Ислам мамлекети" террор тобу сүрүп чыгарылган. Бул ошондон берки алгачкы чабуул.

Тал Афарды террорчулар 2014-жылы басып алып, үч жыл кармап турушкан.

XS
SM
MD
LG