Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:43

Кылмыштардын бирдиктүү реестри тест режиминде иштеп баштады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестри тесттик режимде иштеп баштады. Бул тууралуу Башкы прокуратура кабарлады.

Белгилүү болгондой, жаңы жылдан тарта Кыргызстандын мыйзамдарында кылмыш ишин козгоо деген түшүнүк жоюлат жана сотко чейинки өндүрүш маалымат бирдиктүү реестрге кирген учурдан башталат.

Өкмөт бул чара жарандардын укуктарын жана эркиндигин камсыздоого багытталарын, процесстин катышуучулары сотко чейинки өндүрүштүн бардык баскычтарында жактоочунун кызматтарын колдоно аларын айтууда.

Реестрди киргизүү үчүн Башкы прокуратурага 102 млн сом, Ички иштер министрлигине 6 млн сом, Жаза аткаруу кызматына – 21 млн сом бөлүндү.

2019-жылы Кыргызстанда жаңы Кылмыш-жаза кодекси иштей баштайт. (RK)

XS
SM
MD
LG