Жогорку Кеңеш жаңы вице-спикерди шайлоого киришти. Төраганын орун басарын шайлоо парламенттин бүгүнкү, 27-декабрдагы жыйынында сунушталып, колдоо тапты.
14-декабрда парламенттеги КСДП фракциясы кезексиз жыйынга чогулуп, Асел Кодуранованы вице-спикерлик кызматтан алган. Фракциянын бул сунушун көпчүлүк депутаттар колдоп беришкен. Анын ордуна депутат Аида Касымалиеванын талапкерлиги сунушталган. Добуш берүү жашыруун өтөт.
КСДП фракциясынын депутаты Асел Кодуранова бул кызматта 2017-жылдан бери иштеп келаткан. Ал 13-декабрь күнү экс-президенттин кол тийбестигин алчу мыйзам долбооруна каршы добуш бергени айтылган болчу. Мындан сырткары өлкөдөн чыгып кеткен саясатчы, мурдагы депутат Өмүрбек Бабановдун маселесин көтөрүүнү күн тартибине киргизген. Кийин бул маселе күн тартибинен алып салынган. (КЕ)