Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Март, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 12:46

Экс-депутат Исаковдун иши боюнча соттук жараян бүттү

Музаффар Исаков.
Музаффар Исаков.

Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын мурдагы депутаты Музаффар Исаковдун жана аны менен кошо айыпталган сегиз кишинин иши боюнча соттук жараян бүттү. Бул тууралуу “Азаттыкка” Жалал-Абад облустук сотунун басма сөз катчысы Мирлан Торомаматов билдирди.

- Айыпталуучулар акыркы сөзүн айтып бүткөн. Эми соттун өкүм чыгарышы гана калды. Өкүм окулса, соттун чечими беш күндүн ичинде даярдалып, соттолуучуларга берилет. Кийинки отурум соттун өкүмү даяр болгондо өтөт, - деди ал.

Мамлекеттик айыптоочу Исаковдун үй-мүлкүн мамлекетке чегерүү менен аны 12 жылга эркинен ажыратууну жана сот залынан камакка алууну өтүнгөн.

Башкы прокуратура Музаффар Исаковго 2017-жылы Кылмыш-жаза кодексинин “Коррупция” беренесинин негизинде кылмыш ишин козгогон. Ага “Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Таш-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы болуп турганда 315 мыйзамсыз токтом чыгарган” деген айып коюлган.

Прокуратура тараткан маалымат боюнча, ал 2010-2015-жылдар аралыгында райондук архитектура кызматынын жана Мамлекеттик каттоо кызматынын өкүлдөрү менен жең ичинен сүйлөшүп алып айыл чарба багытындагы 14,34 гектар жерди жеке курулуш иштерин жүргүзүүгө берген.

Тергөөдө жарандар жер тилкелерин 1500-3000 доллардан сатып алышканын билдирген. Исаков менен кошо дагы сегиз адамга кылмыш иши ачылган. Ишти Сузак райондук соту карады.

Борбордук шайлоо комиссиясы 26-декабрда Исаковдун жазган арызынын негизинде аны депутаттык мандаттан ажыраткан. (BTo)

XS
SM
MD
LG