Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Ноябрь, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:45

Шаардык сот Матраимов боюнча райондук соттун чечимин күчүндө калтырды


Райымбек Матраимов.

Бишкек шаардык соту Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун иши боюнча Биринчи май райондук сотунун чечимин күчүндө калтырды. Мындай чечимди шаардык соттун соттук коллегиясы бүгүн, 28-декабрда кабыл алганын Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирди.

Кыргыз өкмөтү райондук сот чыгарган чечимге байланыштуу шаардык сотко апелляциялык арыз менен 17-августта кайрылган. Ага чейин, 25-июлда Биринчи май райондук соту Матраимовго Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басарынын кызматына кайра кайтууга уруксат берген чечим чыгарган.

Коомчулукта "Раим миллион" деген каймана ат менен таанылган Райымбек Матраимов 2017-жылдын 23-ноябрында ошол кездеги премьер-министр Сапар Исаковдун буйругу менен кызматтан алынган. Өкмөт бул чечимди "анын иши жетекчиликтин чечимдерине жана жүргүзгөн саясатына каршы келет" деп негиздеген.

Быйыл апрелде ал "мени негизсиз жумуштан алды" деп өкмөттү сотко берген.

Өткөн айда "Апрель" телеканалындагы маегинде мурдагы президент Алмазбек Атамбаев азыркы мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбековду "Райымбек Матраимовго болушкан" деп билдирген.

Президент Сооронбай Жээнбеков жыл жыйынтыгын чыгарган басма сөз жыйынында “Азаттык” радиосунун Райымбек Матраимовдун байлыгы тууралуу телеберүүсүндө келтирилген жүйөлөр текшерилерин айткан.(BTo)

Пикирлерди көрүңүз (65)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG