Жайыл райондук соту 26-декабрда Кара-Балтада жайгашкан мунай иштетүүчү "Жунда" заводунун ишин карап, анын кызматкерлеринин иш-аракетинен мыйзам бузуу тапкан жок. Бул тууралуу "Азаттыкка" Жайыл райондук сотунун басма сөз катчысы Байыш Байгазинов кабарлады.
26-декабрда Жайыл райондук сотунда "Жунда" заводуна каршы 2015-жылы козголгон кылмыш иши боюнча соттук териштирүү жүрүп, "кылмыш курамы жоктугуна" байланыштуу заводдун кызматкерлерин актаган. Аларга Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) "салыкты жашырды" деген айып менен кылмыш ишин козгогон.
Соттун өкүмүнө ылайык мунай иштетүүчү мекеме Кылмыш-жаза кодексинин 213-беренесинин 2-бөлүгү ("Чарба жүргүзүүчү субъектилердин кызмат адамдарынын салыктарды жана милдеттүү камсыздандыруу акыларын төлөөдөн четтөөсү"), 350-беренесинин 6-бөлүгү ("Документтерди колго жасоо, даярдоо, сатуу же алардын жасалмаларын пайдалануу"), 221-беренесинин 1-бөлүгү ("Коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарынан кыянаттык менен пайдаланышы") боюнча күнөөлүү эмес деп табылды.
Байыш Байгазиновдун айтымында, өкүм он күндөн кийин күчүнө кирет.
"Жунда" заводу жыл сайын 800 миң тонна мунайды кайра иштетүүгө ыңгайлашкан. Анын негиздөөчүсү кытайлык “Чайна Петроль Жунда” компаниясы заводду курууга 300 миллион доллар инвестиция жумшаган. Завод 2013-жылы ишке берилип, бир жылдан кийин аз убакытка өндүрүшү токтогон. Андан кийин 2015-жылы да компанияга козголгон кылмыш ишине байланыштуу убактылуу токтоп, кийин кайра жанданган. (KR)