Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Февраль, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 09:47

Сапар Исаков 13-февралга чейин камакта калды


Биринчи май райондук соту мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаковдун камактагы мөөнөтүн 2019-жылдын 13-февралына чейин узартуу тууралуу чечимин чыгарды. Бул тууралуу жактоочулары маалымдады. Алар чечимди жогорку инстанцияга арызданууну пландап жатышат.

18-декабрда Бишкек шаардык соту мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаковдун камактагы мөөнөтүн 2019-жылдын 5-январына чейин узартуу тууралуу Биринчи май райондук сотунун чечимин күчүндө калтырган.

Анда Исаковду камакта кармоо мөөнөтүн узартуу тууралуу өтүнүчтү Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөөчүлөрү берген. Муну алар Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) жаңылоо боюнча курулуш-техникалык экспертиза даяр эмес болуп жатканы менен негиздешкен.

Бишкек ЖЭБин жаңылоого байланыштуу кылмыш ишинин алкагында айыпталган мурдагы премьер-министр Сапар Исаков 5-июнда камакка алынган. Ал өзү бул иште "саясий боёк" бар экенин айтып келүүдө.

Соттук отурумдарда Исаков тергөөгө жардам берүүгө даяр экенин билдирип, бөгөт чарасын өзгөртүүнү сураган. (TSh)

Пикирлерди көрүңүз (13)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG