Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Июль, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:50

Ооганстанда президенттик шайлоо жайга калды


Ооган аялдары парламенттик шайлоодо добуш берип атышат. Кандагар. 27-октябрь, 2018-жыл.
Ооган аялдары парламенттик шайлоодо добуш берип атышат. Кандагар. 27-октябрь, 2018-жыл.

Ооганстанда 2019-жылдын апрелине белгиленген президенттик шайлоо 20-июлга жылдырылды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын башчысы Абдул Бади Сайад 30-декабрда билдирди. Ал ошондой эле президенттик шайлоо менен кошо жергиликтүү бийликке жана Газни провинциясынын кеңешине шайлоо чогуу өтөөрүн кошумчалады.

Мурдараак Боршайкомдун өкүлдөрү техникалык маселелерден жана талапкерлердин кеч катталышынан улам шайлоонун мөөнөтүн жылдырууну караштырып жатышканын билдиришкен.

Талапкерлерди каттоо 22-декабрда башталып, 2-январда аяктамак. Бирок ушул күнгө чейин эч ким каттоодон өтө элек.

Ошону менен катар комиссия быйыл октябрда өткөн парламенттик шайлоодогу бюллетендердин баарын текшерип бүтө элек.

XS
SM
MD
LG