Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Март, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 04:48

2019-жылы жол эрежесин бузгандарга салынуучу айып көбөйөт


Иллюстрациялык сүрөт.

2019-жылдан тартып жол эрежелерин бузган кыргызстандык айдоочуларга салынуучу айыптын өлчөмү көбөйөт. Мисалы, мас абалында рулга отурган айдоочулар 17 500 сом төлөп калат. Жаңы жылдан кийин эреже бузганы үчүн жарандардын айдоочулук күбөлүктөрү алынбайт, бирок протокол толтуруу тартиби күчүндө калтырылат.

Административдик кодекске жаңыдан киргизилген айыптын өлчөмү бир нече эсе көбөйгөн.

Саатына 40 чакырымдык ылдамдык чегин бузган айдоочуларга 7500 сом айып салынат. Машинеге мас абалында отурган айдоочулар 17 500 сом төлөйт. Азыркы мыйзам боюнча мас абалында машине айдагандарга 10 миң сом айып салынат. Мастыгын аныктоого баш ийбегендиги үчүн 5500 сом айып каралган. Ушундай эле сумманы куткаруучу кызматтардын унааларына жолду бошотуп бербей койгон айдоочулар жана айдоочунун күбөлүгү жок унаага отурган жарандар төлөйт. Мотошлем жана коопсуздук курун тагынбай койгондор 1000 сомдон 3000 сомго чейин айып тартат. Эски мыйзам боюнча машинени коопсуздук кемери жок айдагандар 300 сом төлөчү.

Ички иштер министрлиги мындай өзгөртүүлөр жол кырсыктарын азайтууга шарт түзөт деген ишенимде. (KR)

Пикирлерди көрүңүз (47)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG