Кыргыз гидрометеорология агенттиги билдиргендей, 3-январда түнкүсүн кээ бир райондордо кар жаайт. Күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорун туман каптайт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -2…-7, күндүз 0…5;
Суусамырда түнкүсүн -20…-25, күндүз -10…-15;
Таласта түнкүсүн -3…-8, күндүз 0…5;
Баткенде түнкүсүн 0…-5, күндүз 2…7;
Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 0…-5, күндүз 2…7;
Ысык-Көлдө түнкүсүн -3…-8, күндүз -2…+3;
Нарын облусунда түнкүсүн -16…-21, күндүз -7…-12;
Бийик тоолордо түнкүсүн -24…-29, күндүз -10…-15 градус суук болот.
Бишкекте 3-январда кар жаабайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -2…-4, күндүз 1…3 градуска чейин жогорулайт.