Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:24

Абылгазиев: тартип бузгандар тийиштүү жаза алышы керек


Мухаммедкалый Абылгазиев.
Мухаммедкалый Абылгазиев.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөт мүчөлөрүнө 1-январдан тартып бир катар жаңы кодекстер иштей баштаганын жана айрым мыйзамдар күчүнө киргенин эскертти. Өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлагандай, Абылгазиев укук бузуунун айрым түрлөрү үчүн жоопкерчилик күчөтүлгөнүн белгилеген.

- Бул чаралар биринчи кезекте жарандардын коопсуздугун камсыз кылууга багытталган. Тартип бузган жактар тийиштүү жаза алышы керек. Жол кыймыл эрежелерин бузуу көбүнчө айлана-чөйрөдөгү адамдардын жашоосу үчүн коркунуч келтирет. Айыппулдун жогорулатылышы алдын алуу чараларына кирет. Эреже бузуучулар жоопкерчиликти сезиши керек, жеке талап кое билбесек, тартип болбойт, – деди Абылгазиев.

Өкмөт башчы ошондой эле коомчулукка жол эрежелерин бузгандарга карата айыппулдун көбөйтүлүшү сыяктуу демилгелер боюнча түшүндүрүү иштерин күчөтүү керек экенин айтты. Ал ошондой эле ишке кирген кодекстер менен мыйзамдар боюнча бурмаланган маалыматтар таратылып жатканын билдирди.

1-январдан тартып жаңы Кылмыш-жаза кодекси, Жазык-процессуалдык кодекс, Жазык-аткаруу кодекси, Жоруктар тууралуу кодекс жана Бузуу тууралуу кодекс күчүнө кирди. Андан тышкары "Пробация жөнүндө" жана "Мунапыс жөнүндө" мыйзамдар иштей баштады. Ошондой эле “Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестри” да ишке кирди.

Жаңыдан күчүнө кирген эрежелердин негизинде мас абалында машине айдагандарга 17 500 сом айыппул салынат. Ал эми 40 чакырымдык ылдамдык чегин бузган айдоочулар 7500 сом айыппул төлөйт. Мындан башка да жол эрежелерин бузгандарга айыптын өлчөмү көтөрүлдү.

Бул айыппулдардын маани-маңызы жана өлчөмү Интернет колдонуучулардын арасында кызуу талкууланып жатат. (BTo)

XS
SM
MD
LG