Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:39

NASA Дмитрий Рогозиндин АКШга сапарын токтотту


Дмитрий Рогозин.
Дмитрий Рогозин.

АКШнын NASA космостук агенттиги Орусиянын “Роскосмос” мекемесинин башчысы Дмитрий Рогозиндин Кошмо Штаттарга февраль айына пландалып жаткан иш сапарын токтото турууну чечти. Сапардын жаңы мөөнөтү азырынча белгисиз бойдон калууда.

Буга чейин америкалык мыйзам чыгаруучулар Рогозиндин АКШга келишине жол бербөө аракетин көрөрү кабарланган.

“Роскосмостун” башчысы Орусия Крымды аннексиялап алгандан кийин киргизилген санкциялык тизмедегилердин бири. Аны АКШга барып, Райс университетинде чыгып сөз сүйлөөгө былтыр күзүндө NASA агенттигинин жетекчиси Жим Бриденстин чакырган болчу. (RK)

XS
SM
MD
LG