Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:07

Тажик доктурлар гимн жаттоого милдеттендирилди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Тажикстанда доктурлар милдеттүү түрдө дарыгердин кесиптик гимнин жаттап жатышат. “Азаттык” радиосунун тажик кызматынын маалыматына караганда, жаңы жылдан бери бардык ооруканаларда кызматкерлердин эртең мененки чогулушу “Сиз Тажикстандын медицина кызматкеринин гимнин жаттадыңызбы?” деген суроо менен башталууда.

Саламаттыкты сактоо жана социалдык коргоо министрлигинин мындай талабын аткарбаган кызматкерлер жазага тартылат. Доктурлардын кесиптик квалификациясы да гимнди билгенине жараша ыйгарылмай болууда.

Бирок талдоочулар министрлик адегенде калкты тейлөөнүн сапатына көңүл бурса деген пикирин айтууда. Прокуратуранын маалыматына караганда, былтыр мекемеде иштеген 92 кызматкерге коррупцияга байланыштуу айыппул салынып, 42 кылмыш иши козголгон.

Былтыр Тажикстанда мектуп окуучулары, студенттер, мугалимдер жана мамлекеттик органдарда иштегендердин баары мамлекеттик гимнди жатка билүүгө милдеттендирилген. Ал эми Пенжикент шаарындагы мечиттердин биринин имамы гимнди жатка билбегени үчүн кызматтан алынган. (RK)

XS
SM
MD
LG