Бишкекте шахмат боюнча балдар арасында Кыргызстандын чемпионаты өтүп жатат. 4-январда башталган иш-чара Гапар Айтиев атындагы Улуттук көркөм өнөр музейинин имаратында уюштурулууда. Жыйынтыгы 12-январда чыгат.
Чемпионаттын уюштуруучулары - Жаштар, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик, Кыргызстандын Шахмат федерациясы жана "FOFINGO" уюму.
Шахмат федерациясынын президенти Милан Турпановдун айтымында, бул турнир жыл сайын өткөрүлөт. Быйыл жылдагыдан эң көп спортчу - Кыргызстандын бардык аймактарынан 625 бала катышууда. (RK)