Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:09

ИИМ "ишеним телефонунун" номурларын жарыялады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ички иштер министрлиги мыйзам бузган милиция кызматкерлери тууралуу арыздануу үчүн "ишеним телефондорунун" номурларын жарыялады.

Мекеменин расмий сайтына чыккан маалыматта укук тартибин коргоо органдарынын кызматкерлери бийлик өкүлү катары кээде аша чаап, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган, жада калса кылмыш жасаган учурлар бар экени айтылат.

"Милиционерлердин жарандардын арызын кабыл албоо, опузалоо, коркутуу жана башка мыйзамсыз аракеттери тууралуу Ички иштер министрлигинин Ички иликтөөлөр кызматынын "ишеним телефонуна" 0-704-999-918 же 0-312-662-331 номурлары аркылуу дароо чалыңыз" дейт ИИМдин басма сөз кызматы.

Кыргызстанда 1-январдан тарта Кылмыш-жаза жана Административдик кодекстерге өзгөртүүлөр кирди.

5-январда өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев "Ички иштер министрлиги жолдо тартип орнотууну акча табуу амалына айландырган кызматкерлерден арылуусу керек" деген талап койгон.

«Айрым милиция кызматкерлери өздөрүнүн мыйзамсыз аракеттери менен жарандардын нааразылыгын жана сын пикирлерин жаратууда» - деп белгилеген премьер-министр. (RK)

XS
SM
MD
LG