Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Июль, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:41

Пентагондун аппарат башчысы кызматтан кетти


Жим Мэттис АКШнын коргоо министри катары Ооганстанга барган учур. 24-апрель, 2018-жыл.
Жим Мэттис АКШнын коргоо министри катары Ооганстанга барган учур. 24-апрель, 2018-жыл.

АКШнын Коргоо министрлигинин аппарат башчысы, контр-адмирал Кевин Суини Пентагондо эки жыл иштегенден кийин кызматтан кетти.

Буга чейин АКШда коргоо министри Жим Мэттис иштен кете турганы белгилүү болгон.

Өлкө президенти Дональд Трамптын жарыясына караганда, Мэттис Пентагондун башчылыгында февралдын аягына чейин гана турат.

Ал эми Мэттис өзү Трампка жазган катында аны менен көз карашы шайкеш келбей калганын ачыкка чыгарган. АКШнын коргоо министринин кызматтан кетери президент Трамптын Сириядан америкалык аскерлерди чыгара баштоо тууралуу чечими жарыяланган соң белгилүү болду.

Мэттис Трампка жазган катында "президент көз караштары аныкына шайкеш келген коргоо министрин тандап алууга укуктуу экенин, ал өзү кызматтан кетүүнү туура көргөнүн" белгилеген.

XS
SM
MD
LG