Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Февраль, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 13:24

АКШнын делегациясы Бээжинге сүйлөшүүгө барды


АКШ-Кытай делегацияларынын сый тамак үстүндөгү сүйлөшүүлөрү. Буэнос-Айрес, 1-декабрь, 2018-жыл.

Кошмо Штаттардын делегациясы эки өлкө ортосундагы төрт айдан бери созулган “соода согушунун” маселесин чечүүгө аракет кылыш үчүн Кытайга барды.

АКШнын соода өкүлүнүн орун басары Жеффри Герриш делегацияны баштап Бээжинге аттанып баратып, журналисттердин суроолоруна жооп берген жок.

Кытайдын Соода министрлиги 4-январда билдиргендей, эки тарап Аргентинадагы "Чоң жыйырманын" жыйынында президент Трамп менен лидер Си Цзинпин жетишкен “маанилүү маселелерди чечүүнү” талкуулашат.

4-январда Трамп соода талашы чечилерине үмүттөнүп турганын билдирген. “Биз Кытай менен маселени чечебиз деп турам”, деди ал. Америкалык лидер белгилегендей, эки өлкө бири-биринин товарына миллиардаган доллар төлөмдөрдү киргизгендиктен, дүйнөлүк экономиканын арымы солгундады.

Трамп “Кытай менен биздин ортобузда өтө кеңири макулдашуу болуп жатат. Президент Си, мендей эле ага жакындан аралашууда. Биз эң жогорку деңгээлде маселени жакшы жагынан чечебиз”, – деп кошумчалады Трамп.

Былтыр АКШ үч айлампа менен Кытайдын 50 миллиард долларлык товарына 25% өлчөмүндө, 200 миллиард долларлык товарына 10% кошумча бажы тарифин киргизген. Кытай да жооп катары АКШнын 50 миллиард долларлык товарына 25% өлчөмүндө, 60 миллиард долларлык товарына 10% тариф койгон.

Пикирлерди көрүңүз (2)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG