Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Март, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 09:18

Кытай БУУнун эксперттерин Шинжаңга киргизүүгө макул болду


Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Лу Кан. 27-октябрь, 2015-жыл.

Кытай “белгиленген чараларды” сактаса, БУУнун өкүлдөрүн Шинжаңга киргизүүгө даяр экенин “Reuters” агенттиги кабарлады.

Кытайдын тышкы саясий мекемесинин басма сөз катчысы Лу Кан 7-январда Бээжинде туруп билдиргендей, БУУнун эксперттери Кытайга саякаттагандарга коюлган бардык талаптарды аткарып, “өлкөнүн ички иштерине аралашуудан оолак болушу абзел”. Алар бейтараптык менен калыстыкты көрсөтүшү зарыл.

Былтыр декабрда БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссары Мишел Бачелет уюмдун эксперттери Шинжаңдагы казак, уйгур, кыргыз, татар улутундагылардын абалы тууралуу “кооптондурган маалыматты” алып жатышканын билдирген.

Кытайдын Шинжаң аймагында миңдеген мусулмандардын жана аз улуттардын өкүлдөрү "саясий тарбия берүүчү лагерлерде" кармалып жатканы тууралуу кабар 2016-жылдан бери тарай баштаган.

Буга чейин БУУ мындай лагерлерде 1 миллионго чейин адам отурганын тастыктаган ишенимдүү булактар бар экенин билдирген.

XS
SM
MD
LG