Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:03

Болтон менен Эрдогандын жолугушуусу болбой калды


Түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган.
Түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган.

АКШ президентинин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жон Болтон Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогандын кеңешчиси менен Анкарада жолугуп, Сириядагы кырдаал, АКШнын бул аймактагы аскерлерин алып чыгуу боюнча пландарын талкуулашты.

Негизинен АКШнын “Ислам мамлекети” террористтик уюмуна каршы күрөшүндөгү өнөктөшү болуп саналган сириялык күрттөргө көңүл бурулду.

Вашингтон Сириядагы күрт кошуундарына Түркия кол салбай тургандыгына кепилдик алууну көздөп жатат. АКШ мындай кепилдик Сириянын түндүк-чыгышынан өз аскерлерин чыгарышынын “шарты” экенин билдирген.

"Associated Press" маалымат агенттигинин жана түрк медиасынын жазганы боюнча, Эрдоган менен Болтондун мурда пландалган жолугушуусу болбой калды. "Бул тараптардын бир пикирге келише албаганын көрсөтөт" деп жазылат кабарларда.

Буга чейин Эрдоган Болтондун сириялык күрттөр тууралуу айткандарын “олуттуу ката” деп атаган.

- Жон Болтон бул маселеде олуттуу ката кетирди. Мындай ойлонгондор да ката кетирип жатышат. Биз үчүн бул жагдай боюнча мунасага келүү мүмкүн эмес. Сириядагы террорчулуктун коридорунун бир бөлүгү болгондор керектүү сабагын алышат. "Күрт жумушчу партиясы" менен Сириядагы күрттөрдүн "Элдик кошуунунун", "Демократиялык биримдик партиясынын" жана ошондой эле "Ислам мамлекети" тобунун ортосунда эч бир айырма жок​, - деди түрк президенти.

Эрдоган Түркия күрттөрдүн душманы эмес экенин, бирок Сирияда күрттөрдун куралдуу топтошуусуна каршы күрөшө турганын айткан. Ошону менен катар ал Сириянын аймагында аскердик операцияларга даярдык көрүлүп жатканын кошумчалаган.

XS
SM
MD
LG