Сасык тумоо жана дем алуу органдарынын вирустук инфекциясы (ОРВИ) басаңдаганга чейин Бишкектеги коомдук транспорт дезинфекцияланат.
Ар бир автобус жана троллейбустардын ичи, отургучтары, кармагычтары линияга чыгардын алдында атайын хлор кошулган каражаттар менен жуулуп, тазаланат.
Буга чейин Саламаттык сактоо министрлиги Кыргызстанда сасык тумоо күчөп баратканын билдирген. Мекеменин маалыматына караганда, сасык тумоо менен катталган адамдардын саны өткөн жылы миңге чукулдаган. (КЕ)