Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Июль, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:02

Сасыкбаева: президент Текебаевге мунапыс берүүдө жоопкерчиликтен качпашы керек


Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Асия Сасыкбаева.
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Асия Сасыкбаева.

"Ата Мекен" партиясынын абактагы лидери Өмүрбек Текебаевдин партиялаштары "Азаттыкка" пикирин билдирип, президент Сооронбай Жээнбеков Текебаевге мунапыс берүү маселесинде жоопкерчиликтен качып жатканын айтты. Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Асия Сасыкбаева буларга токтолду:​

- Кечээ президент катты Жаза аткаруу мамлекеттик кызматына (ЖАМК) жөнөтүптүр. Менимче бул туура эмес. Бул президентке жазылган өтүнүч. Президент өзү чечим чыгарууга укуктуу. Бул анын жоопкерчилиги. Жоопкерчиликти толук ЖАМКка жүктөп койбой өзү чечиши керек эле. Биздин мамлекетибизде таң калыштуу нерселер болуп атат, - деди партиянын мүчөсү, мурдагы депутат Асия Сасыкбаева.

Бүгүн "Ата Мекен" партиясынын абактагы лидери Өмүрбек Текебаев №47 абакка кайтарылды. Ал буга чейин Улуттук кардиология борборунда дарыланып жаткан.

Өткөн жылдын 25-декабрында экс-президент Роза Отунбаева мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбековго кайрылып, Текебаевге ырайым берүүнү өтүнгөн. Ал “Мунапыстын жалпы принциптери жана ырайым берүү жөнүндө” мыйзамдын беренесине таянып мамлекет башчысы соттолуучу өзү кайрылбаса да, эмгектери же башка жөндүү себептери болсо ырайым бере ала турганын белгилеген. Отунбаеванын бул кайрылуусун Жогорку Кеңештеги фракциялардын лидерлери да бир добуштан колдошкон.

Текебаев абакка которулду
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:13 0:00

XS
SM
MD
LG