Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:24

Үч саясатчынын Атамбаевге каршы доо арызы толуктоо үчүн артка кайтарылды


Саясатчылар Кеңешбек Дүйшөбаев, Ахматбек Келдибеков жана Азимбек Бекназаров.
Саясатчылар Кеңешбек Дүйшөбаев, Ахматбек Келдибеков жана Азимбек Бекназаров.

Саясатчылар Ахматбек Келдибековдун, Азимбек Бекназаровдун жана Кеңешбек Дүйшөбаевдин экс-президент Алмазбек Атамбаев менен “Апрель” телеканалынын редактору Дмитрий Ложниковго койгон доосу толуктоо үчүн артка кайтарылды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Жогорку соттун басма сөз катчысы Сюита Соурбаева билдирди:

- Доо арыз 26-декабрда берилген. Бирок айрым документтердин жоктугунан 28-декабрда доо арыз 9-январга чейин калтырылган. Бүгүн доогерлердин өкүлү келип арыз менен тиркелген документтин баарын алып кетти.

Үч саясатчынын өкүлү Динара Ашимова документтерди алып кеткенин жана ал толукталып, кайра 10-январда сотко тапшырыларын айтты.

- Сотко сөздөрдү даана көрсөтүш керек экен. Алар жалпы пикирди эмес, так сөздү талап кылышууда. Ошондуктан Алмазбек Атамбаев айткан сөздөрдүн ичинен кайсынысын жазыш керек экенин такташ үчүн документтерди алдык, - деди Ашимова.

Жогорку Кеңештин экс-спикери Ахматбек Келдибеков, Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү Азимбек Бекназаров менен Кеңешбек Дүйшөбаев экс-президент Алмазбек Атамбаевдин “Апрель” телеканалында 10-декабрда чыккан маегине байланыштуу 26-декабрда Атамбаев менен аталган каналдын редактору Дмитрий Ложниковго каршы Октябрь райондук сотуна кайрылган.

Алар “телеканалдагы маегинде экс-президент ар-намысыбызга шек келтирди” деп, соттон жалпысынан 18 млн. сом өндүрүп берүүнү өтүнүп жатышат. (BTo)

XS
SM
MD
LG