Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:16

БУУ Сауд Арабиясынын 18 жаштагы жаранын качкын деп тааныды


Рахаф Мохаммед аль-Кунун Таиланддын Миграция полициясынын жана БУУнун өкүлдөрүнүн коштоосунда баратат. 7-январь, 2019-жыл.
Рахаф Мохаммед аль-Кунун Таиланддын Миграция полициясынын жана БУУнун өкүлдөрүнүн коштоосунда баратат. 7-январь, 2019-жыл.

Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) ​Сауд Арабиясынын 18 жаштагы жаранын качкын деп тааныды. Үй-бүлөсүнүн зордук-зомбулугунан качканын айткан Рахаф Мохаммед аль-Кунун аттуу кыз жекшембиде Таиланддын аэропортундагы мейманканада бекинип алып өз мекенине учуп кетүүдөн баш тарткан.

Ал Баңкоктогу мейманкананын бөлмөсүнөн БУУнун Качкындар агенттигинин өкүлдөрүнүн коштоосунда гана чыккан. Тай полициясы аны күчкө салып Саудияга кайтарбай тургандыгын билдирди. Ушул тапта эл аралык агенттик Австралия өкмөтүнө кызга башпаанек берүүнү өтүнүп кайрылды. Аль-Кунун исламдан баш тартканы үчүн аны мекенинде өлүм күтүп турарын жана буга чейин да чачын кыркканы жана окуусун улантууну көздөгөнү үчүн агаларынын зомбулугуна кабылганын айтып чыкты.

Сауд Арабиясынын Баңкоктогу элчилигинин өкүлү Абдулла ал-Шуаби падышачылыктын бийлиги бул кыздын окуясына эч тиешеси жок экенин билдирди. Анын сөздөрүнө караганда, Аль-Кунунду аэропортто тай бийлигинин суранычы боюнча тосуп алышкан. Анткени анын артка кайта турган билети жок болчу жана ал кайда, кимдикине барары да белгисиз болгон.

XS
SM
MD
LG