Москвада СССРдин Жогорку Кеңешинин акыркы төрагасы Анатолий Лукьянов 88 жашында көз жумду. Бул тууралуу РБК агенттигине билдирген кызы Елена Лукьянованын айтымында, атасы катуу ооруп жаткан.
Анатолий Лукьянов 1930-жылы Смоленскте жарык дүйнөгө келген. 1943-жылдан тартып заводдо иштеп баштаган. 1953-жылы МГУнун юридикалык факультетин аяктаган. Университетти бүткөндөн кийин өкмөттүк түзүмдөрдө иштеген. 1961-жылы СССР Жогорку Кеңешинин президиумунун аппаратында карьерасын баштаган.
1990-жылы Михаил Горбачев СССРдин президенти болуп шайлангандан кийин Лукьянов СССРдин Жогорку Кеңешинин төрагасы кызматын ээлеген. 1991-жылы ГКЧП окуясына байланыштуу кармалган.
1994-жылы мунапыс менен бошотулган. Лукьянов 1994-2000-жылдары Орусия Федерациясынын Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин президиумунун мүчөсү болгон.