Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:28

Орусиянын ракетага каршы жандоочу атмосферада өрттөнүп кетти


Плесецк космодромунан аскердик жандоочту учуруу. Иллюстрациялык сүрөт.
Плесецк космодромунан аскердик жандоочту учуруу. Иллюстрациялык сүрөт.

Орусиянын ракеталык чабуулдарды эскертип туруучу “Око” системасына кирген "Космос-2430" деген жандоочу атмосферада күйүп кетти. Бул тууралуу ТАСС агенттиги Түндүк Американын абадан-космостон коргонуу командачылыгынын (NORAD) маалыматына таянуу менен кабарлады.

NORADдын маалыматына ылайык, жандооч орбитадан чыгып, жараксыз болуп калды. Анын күйүп кеткен бөлүктөрү Тынч океандын үстүнө түшүшү мүмкүн экендиги айтылды.

Жекшембикүнү, 6-январда “Radio New Zealand” өзүнүн сайтында Жаңы Зеландиянын түндүк облустарынынын үстүндө асманда бир нече мүнөт бою жанып турган объект байкалганын жазган.

"Космос-2430" 2007-жылы Орусиянын Плесецк космодромунан орбитага учурулган. “Интерфакс” кабарлагандай ал 2012-жылга чейин пландуу иштетилип келген. Басылманын маалыматына караганда, Орусия учурда ракеталык чабуулдарды эскертип туруучу жаңы системаны ишке киргизгени турат. (ErN)

XS
SM
MD
LG