Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Ноябрь, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:05

АКШнын мамлекеттик катчысы Египетте жүрөт


Мамлекеттик катчы Майк Помпео президент Абдел Фатах ал-Сиси менен кездешкен учур. Каир, 10-январь, 2018-жыл.

Майк Помпео Жакынкы Чыгыштагы тогуз өлкө боюнча сапарынын алкагында бүгүн Каирге барды.

Батыш маалымат агенттиктери жазгандай, анын иш сапары араб дүйнөсүндөгү өнөктөштөрдү АКШ бул аймактан кетип жатпаганына дагы ынандыруу максатын көздөйт.

Майк Помпео бүгүн Каирде Египеттин президенти Абдел Фатах ал-Сиси, тышкы иштер министри Самех Шукри менен коопсуздук, экономикалык кызматташтык маселелерин талкуулоодо. Ал ошондой эле Вашингтондун Жакынкы Чыгыштагы кеңири милдеттери боюнча сөз сүйлөйт.

АКШнын мамлекеттик катчысынын аймактагы азыркы сапары президент Трамптын администрациясынын Сириядан америкалык аскерлерди чыгаруу боюнча планында белгисиздик өкүм сүрүп турган учурга туш келүүдө.

Майк Помпео Египетке чейин Иордания менен Иракта болгон. Анда ал бул өлкөлөрдүн лидерлерин АКШнын Сириядан аскерлерин чыгаруу боюнча планы Вашингтон “Ислам мамлекети” тобуна каршы күрөштү токтотот жана Иранга басым жасоосун жумшартат деген кеп эмес экенине ишендирүүнү көздөдү.

Каирден кийин ал Перс булуңундагы араб өлкөлөрүнө барат. (UE)

XS
SM
MD
LG