Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Февраль, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 07:39

АКШ Венесуэла президентинин инаугурациясын тааныбайт


Николас Мадуро

АКШ Венесуэла президенти Николас Мадуронун президенттикке киришкенин тааныбайт. Бул тууралуу президент Дональд Трамптын улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жон Болтон "Твиттердеги" баракчасына жазды. Мындан сырткары Вашингтон АКШ диктатор деп эсептеген президент Мадурого басымды күчөтөрү, оппозициялык депутаттар көпчүлүктү түзгөн Каракас парламентине колдоо көрсөтөрү белгиленген.

2018-жылдын декабрында Венесуэланын мамлекет башчысы Николас Мадуро дагы алты жылга президент болуп шайланган. Жергиликтүү оппозиция добуш берүү мыйзам бузуулар менен коштолгонун билдирген.

55 жаштагы Николас Мадуро 2013-жылы Уго Чавес өлгөндөн кийин президент болгон.

Мадуро өзүн Уго Чавестин мураскери деп атап жүрөт.

XS
SM
MD
LG