Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:55

Кыргызстанда кытайлыктардын ишканалары 400гө чукулдады


Кыргызстандагы Кытай заводдорунун бири.
Кыргызстандагы Кытай заводдорунун бири.

Кыргызстанда кытайлык инвесторлордун 397 ишканасы, 177 кыргыз-кытай биргелешкен ишканалары бар. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов өлкө аймагындагы Кытай жарандарына байланыштуу абалга түшүндүрмө берип жатып билдирди.

- Кытай башкы инвесторлорубуздун бири болуп саналат. Кытай инвестициялаган ири ишканалардан түшкөн салыктын көлөмү 2018-жылы – 3,8 млрд. сомду (2017-жылга салыштырмалуу өсүү 20%) түзгөн,- деп билдирди Кубатбек Боронов.

Анын айтымында, Кытай мындан сырткары Кыргызстандын мамлекеттик долбоорлоруна 2,1 млрд. АКШ доллар кайтарымсыз каражат берген. Бул акча жол инфрастуктурасын жана энергетикалык секторду жакшыртууга багытталган. Маселен, Бишкек шаарында жолдорду реконструкциялоо жана курууга 100 млн. АКШ долларынын тегерегинде каражат бөлүнгөн. Мындан тышкары, Ош шаарында 26,4 млн. АКШ долларына бааланган заманбап оорукана комплекси курулган.

- Айрым билдирүүлөрдө эгерде Кыргыз Республикасы Кытайга болгон карыздан кутулбаса, өлкө аймагынын бөлүгүн берүүгө мажбур болот деп айтылууда. Бул чындыкка жатпайт, мындай келишим жок жана болуусу мүмкүн эмес. Бул теманы биздин эки тараптуу мамилелерге зыян келтирүүгө аракеттенген адамдар жайылтууда. Буга байланыштуу жарандарды деструктивдүү мүнөздөгү жалган маалыматтарга алдырбоого чакырам, - деди ал.

Боронов Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматтарына таянып билдиргендей, 2018-жылы Кыргызстандын аймагына 35 миң 215 Кытай жараны келген, 34 миң 436 Кытай жараны чыгып кеткени айтылды.

Бир нече айдан бери социалдык тармактарда Кытай мамлекетине жана кытайлык жарандарга каршы чакырыктар болуп жатат. Буга байланыштуу Бишкекте митинг да өткөн. (ErN)

XS
SM
MD
LG