Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:51

2019-жыл “Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы" деп жарыяланды


Кыргызстандыктар. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстандыктар. Иллюстрациялык сүрөт.

Президент Сооронбай Жээнбеков 2019-жылды “Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы деп жарыялоо жөнүндө” жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттик аппараттан кабарлашты.

Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет. Ага ылайык, быйыл да өзгөчө көңүл аймактагы бизнести өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү маселесине бурулары айтылган.

Президент быйылкы жылга ушундай аталыш берерин 9-январда Чүй облусунун Сокулук районунун жашоочулары менен болгон жолугушуусунда билдирген. Анда ал былтыркы жылды "Аймактарды өнүктүрүү жылы" деп жарыялаганын жана 2018-жылы 2500ден ашуун адам жаңы жумуш орундары менен камсыз болуп, 200дөн ашуун ар кандай багыттагы ишканалар иштей баштаганын белгилеген. Ошол себептүү ал ушул эле иштер дагы улантылышы керектигин айткан.

Жарлыкта кошумча Коопсуздук кеңешинин 2018-жылдын 14-декабрындагы №2 чечими менен жактырылган "Санарип Кыргызстан 2019-2023" Санариптик трансформациянын концепциясын ишке ашыруу маанилүү милдет катары көрсөтүлгөн. Ошондой эле эки багытта иш алып баруу боюнча иш-чаралар жана тапшырмалар камтылган. (ErN)

XS
SM
MD
LG