Линктер

шаршемби, 22-май, 2019 Бишкек убактысы 17:04

Кыргызстанда жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүк бериле баштайт


Бул тууралуу кыргыз өкмөтүнөн кабарлашты. Маалыматка ылайык, 11-январда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктөрдү киргизүү боюнча кеңешме өткөрүп, даярдыктарды талкуулаган.

Анда айтылгандай, жаңы айдоочулук күбөлүк эл аралык тажрыйбаны эске алуу менен жакшыртылган дизайн жана көптөгөн коргоочу элементтер менен сунушталып жатат. Ал жогорку сапаттагы пластиктен жасалып, 10 жылдык мөөнөткө берилет.

Азыркы айдоочулардын күбөлүгү мөөнөтү бүткүчө жарактуу саналат, ыктыярдуу түрдө гана алмаштырылат.

Учурда жаңы күбөлүктүн эскиздери даярдалган. Буга чейин айдоочулук күбөлүктү жана атайын бланкты персонификациялоо ишин жеке компания аткарып келсе, азыр аны мамлекеттик мекеме өзүнө алган жатат. Буга байланыштуу атайын бланктын баасы 40-50 пайызга төмөндөй турганы айтылууда.(BkA)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG