Белгилүү журналист, маркум Уланбек Эгизбаевдин атына соттон чакыруу жиберген кызматкерге тартиптик чара көрүлөт. Бул тууралуу "Азаттыкка" Жогорку соттун басма сөз кызматы кабарлап, Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун түшүндүрмөсүн жиберди.
Билдирүүдө Жергиликтүү сотторунун аппараты тууралуу жобого ылайык сот отурумуна тараптарды камсыз кылуу катчыга жүктөлөрү айтылып, Эгизбаевге чакыруу жиберген катчынын тажрыйбасы аз экени, ал ката кетиргени белгиленет.
“Азаттык” радиосунун иликтөөчү журналисти, 2018-жылы көз жумган Уланбек Эгизбаев көзү тирүүсүндө даярдаган "Көрүстөндөгү коррупция" иликтөөсүндө ачыкка чыккан жагдайлар тууралуу козголгон кылмыш иштери алдыга жыла элек.
Түштүк-батыш көрүстөнүнүн жетекчиси Чыңгыз Апасов жана бригадир Алихан Алиев Уланбек Эгизбаевге, "Азаттык" радиосун жана иликтөөгө катышкан Түштүк-батыш көрүстөнүнүн мурдагы жетекчиси Самат Сулаймановду, мүрзө казгыч Максат Баялиевди "кадыр-баркыбызга доо кетирди" деп сотко берген. Эгизбаев көз жумгандан соң алар маркумга карата доо арыздарынан баш тартышкан. Бирок "Азаттыктын" кеңсесине 9-январда Ленин райондук сотунан маркум Эгизбаевдин атына чакыруу келген.
28 жаштагы Уланбек Эгизбаев былтыр 22-июлда Ысык-Көлдөгү "Акун" пансионатында эс алып жүргөн кезде сууга чөгүп, күтүүсүз каза болгон. (SE)