Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:40

"Индия - Борбор Азия" диалогунда Ооганстанга көңүл бурулду


"Индия - Борбор Азия" диалогунун алкагында кыргыз жана ооган өкүлдөрүнүн жолугушуусу.
"Индия - Борбор Азия" диалогунун алкагында кыргыз жана ооган өкүлдөрүнүн жолугушуусу.

Өзбекстандын Самарканд шаарында "Индия - Борбор Азия" диалогу аяктады. Кыргызстандын, Өзбекстандын, Казакстандын, Тажикстандын, Түркмөнстандын, Ооганстандын жана Индиянын тышкы иштер министрлери катышкан алгачкы жыйын 12-13-январда болду.

Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги тараткан кабарга ылайык, тараптар чөлкөмдө соода-сатык, инновация жаатындагы кызматташтыкты, транзит жана транспорт байланышын бекемдеп, туризмди өнүктүрүүнү, илимий алака-катыш боюнча биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну талкуулашты.

Жыйындын атайын сессиясы Ооганстанды чөлкөмдөгү жана дүйнөдөгү экономикалык кызматташтыкка тартуу маселесине арналды. Тараптар Ооганстандын экономикасын көтөрүүгө жардам берүүгө даяр экенин билдиришти.

Расмий Бишкек кабарлагандай, жыйындын алкагында Кыргызстандын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Ооганстандын тышкы иштер министри Салахуддин Раббани менен кезигип, Улуу жана Кичи Памирдеги кыргыздарга чогуу көмөк көрсөтүү маселесин талкуулашты.

"Индия - Борбор Азия" диалогунун кезектеги жыйыны 2020-жылы Индияда өтөт. (SE)

XS
SM
MD
LG