Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:49

15-январга карата аба ырайы тууралуу маалымат


Бишкектеги Ала-Тоо аянты.
Бишкектеги Ала-Тоо аянты.

Кыргызстанда 15-январда түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Жолдорго муз тоңот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетет. Күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында жамгыр аралаш кар жаап, тоолуу райондорго кар түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, Ысык-Көл ойдуңунда 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -3...+2, күндүз 2...7,

Талас жергесинде түнкүсүн -4...+1, күндүз 2...7,

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -1...-6, күндүз 2...7,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -5...-10, күндүз 0...5,

Нарын аймагында түнкүсүн -21...-26, күндүз -10...-15,

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -23...-28, күндүз -10...-15 градус болот.

Бишкек шаарында асманды булут каптайт. Жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн -1…+1, күндүз 4…6 градус болот.

XS
SM
MD
LG