Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Март, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 19:19

Иранда кулаган учак Бишкектен 30 тонна эт алып бараткан


Кулап түшкөн учак.

Иранда 14-январда кулап түшкөн жүк ташуучу "Boeing 707" учагына Бишкектен 30 тонна эт жүктөлгөн болчу. Бул тууралуу "Азаттыкка" "Манас" эл аралык аэропортунун басма сөз катчысы Алия Курбанова билдирди:

- Чартердик каттам жүргүзгөн жүк ташуучу "Boeing 707" учагы ирандык авиакомпанияга таандык. Кыргызстанга тиешеси жок. Ал 13-январда "Манаска" саат 23:10до конгон. Учак дүйшөмбүдө эртең менен саат 7:16да учуп кеткен. Экипажда 16 адам болгон. Арасында кыргызстандыктар жок.

Кырсыкка кабылган учак Тегеранга жакын жердеги "Пайам" аэропортуна конушу керек эле. Түрдүү маалымат булактарынын кабарларына караганда, борттогу 16 кишинин 15и курман болуп, борт инженер аман калган. (SE)

Учак кулагандан кийин тартылган видео.

Пикирлерди көрүңүз (3)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG