Гданьск жана башка шаарларда дүйшөмбүнүн кечинде зомбулукка каршы жапырт акциялар өттү. Мэр Павел Адамович 13-январдагы кайрымдуулук концертинде бычактан жараат алып, 14-январда ооруканада көз жумду.
Дарыгерлер анын өмүрүн сактап калуу аракетинен натыйжа болбогонун айтышты. Полиция шектүү адамды дароо кармады, ал декабрда абактан кое берилген 27 жаштагы Стефан аттуу жергиликтүү тургун болуп чыкты.
Полициянын маалыматына караганда, ал концертке “пресса” деген жазуусу бар күбөлүк менен кирген.
Шектүү кармалаардын алдында Адамович мүчө болгон «Жарандык платформа» оппозициялык партиясынын айынан бейкүнөө түрмөгө түшүп чыкканын айтууга үлгүргөн. Поляк маалымат каражаттары бул адам мурда банктарга кол салганы үчүн соттолгонун жазып чыгышты. Ошондой эле анын психикалык жактан оорулуу экендиги айтылууда.