Ооганстандын баш калаасы Кабулда дүйшөмбүдө чет элдик өкүлчүлүктөр жайгашкан жерде катуу жардыруу болуп, кеминде төрт киши көз жумду. Акыркы маалыматтарга караганда, жарадарлардын саны 90го жетти.
Буга чейин 40тай адам жараат алганы кабарланган.
Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Нажиб Даниш жардыруу чет элдик уюмдар жайгашкан "Жашыл кыштак" деген райондо болгонун билдирди.
Полиция жаракат алгандардын арасында 23 бала бар экенин кабарлады.