Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:33

Жогорку сот Роза Маманованын ишин кайра биринчи инстанцияга жиберди


Роза Маманова.
Роза Маманова.

Жогорку сот Роза Маманованын ишин кайра биринчи инстанцияга жиберди. Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында жашаган активист Роза Маманованын доо арызы Жогорку сотто 15-январда каралды.

2018-жылдын 19-январында Кызыл-Кыя шаардык соту Роза Маманованы бир жылга шарттуу кескен. Маманова буга макул болбой жогорку инстанцияга даттанып, Баткен облустук соту мурдагы чечимди өзгөртүүсүз калтырган.

Активист өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн, Кызыл-Кыя шаарынын мурунку вице-мэринин жана айыл өкмөттөрдүн мыйзамсыз иштерин ачык айтып чыкканы үчүн өзүнө карата "шылуундук кылган" деген негизде атайылап кылмыш иши козголуп, сотко өткөнүн билдирип жүрөт.

Ал Кызыл-Кыя шаардык жана Баткен облустук сотунун чечимдерин жокко чыгарууну, өзүн актоону өтүнүп Жогорку сотко арызданган.

Роза Маманова 11-январда Ошто басма сөз жыйынын өткөрүп, эгерде Жогорку сот калыс чечим чыгарбаса, президенттик администрациянын имаратынын алдында өзүн өрттөй турганын билдирген.

Буга чейин Роза Маманова "Азаттыктын" атайын иликтөөсүндө интервью берип, анда Баткен облусунун губернатору Абиш Халмурзаевдин коррупциялык иштерге аралашкандыгы тууралуу маалыматтар менен бөлүшкөн. Анда ал бул фактыларды текшерүү тууралуу арыз менен Баткен шаардык кеңешинин депутаттарына да кайрылып келгенин, бирок алар тараптан эч кандай реакция болбой жатканын кабарлаган.

Активист Баткен облусунун мурдагы прокурору, маркум Анарбай Мамажакыпов менен да мурда жолукканын, ал жемкорлук менен күрөшүүгө жардам берүүгө убада берип, бирок киши колдуу болуп калганын билдирген. (ZKo\SE\NT)

XS
SM
MD
LG