Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:15

Ысык-Көл облусунда мигранттардын 7201 баласы бар


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнүн социалдык өнүктүрүү жана мониторинг бөлүмү ата-энеси миграциядагы балдардын жашоо шарты менен таанышып жатышат.

Расмий кабарга ылайык, облус боюнча жакындары өлкөнүн башка аймагына же чет өлкөгө иштегени кеткен 7201 бала такталды. Анын ичинен 7 жашка чейинкилер 1444, 7 жаштан 18 жашка чейинкилер 5757.

Ошондой эле 6192 үй-бүлөнүн мүчөлөрү миграцияда экени такталды. Арасында 1661 адам Кыргызстандын башка аймактарына, 4531и чет элге кеткен.

Кийинки күндөрү Кыргызстандын түрдүү жерлеринде мигранттардын туугандарында калган балдар зомбулукка кабылып, айрымдары өлүмгө дуушар болду.

Мындай кайгылуу окуяларды токтотуу максатында кыргыз өкмөтү балдарга карата ырайымсыз мамиленин, зордук-зомбулуктун жана укук бузуунун алдын алуу боюнча 2019-2020-жылдар үчүн аткарылчу иштердин долбоорун коомчулуктун талкуусуна чыгарганы жатат.

Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин маалыматына караганда, Кыргызстанда мигранттардын балдарынын саны отуз миңдин тегерегинде. Ал эми укук коргоочулар мындай 256 миң бала бар экенин, анын ичинен 119 миң баланын ата-энеси экөө тең миграцияда жүрүшкөнүн айтып жүрүшөт. (AsM)

XS
SM
MD
LG