Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Июль, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:29

Азия кубогу: Кыргызстан Филиппинге бир гол киргизди


Оюн учурунда тартылган сүрөт.
Оюн учурунда тартылган сүрөт.

“С” тайпасынын алкагында Кыргызстан менен Филиппин оюнунун 23-мүнөтүндө “Ак шумкар” командасы биринчи голду киргизди. Натыйжада Кыргызстан 1:0 эсеби менен алдыда келе жатат.

Голдун автору чабуулчу Виталий Люкс болду.

Кыргызстан тайпадан чыгыш үчүн бүгүн милдеттүү түрдө жеңиши керек.

Башкы машыктыруучу Александр Крестинин бүгүнкү оюнга Мирлан Мурзаев менен Виталий Люксту чыгарды. Ал буга чейинки Корея жана Кытай менен оюнга бирден чабуулчулар менен гана оюн жүргүзгөн. Ошондой эле Кыргызстан үч коргоочу менен ойноп жатат.

Кыргызстан Азия кубогуна биринчи жолу катышып жатат. Тайпадагы алгачкы оюнунда кыргыз футболчулары Кытайдын командасына 2:1, экинчи оюнунда Түштүк Кореяга 1:0 эсебинде утулуп калган. (SDz)

XS
SM
MD
LG