Ысык-Көлдө бүгүн, 17-январда «Акун» пансионатынын жооптуу адамдарына карата козголгон кылмыш иши боюнча сот жараяны башталат.
Былтыр июлда «Азаттыктын» журналисти Уланбек Эгизбаевдин өлүмүнөн кийин пансионаттын администрациясына кылмыш ишикозголгон. Ысык-Көл облустук сотунун басма сөз катчысы Гүлзада Ашырбаева билдиргендей, кылмыш ишинин негизинде эс алуу жайынын эки өкүлү шалаакылык боюнча айыпталууда.
Уланбек Эгизбаев былтыр 22-июлда Ысык-Көлдөгү "Акун" пансионатында эс алып жүргөн кезде сууга чөгүп, күтүүсүз каза болгон. Анын өлүмүнөн кийин пансионаттын жооптуу адамдарына Кылмыш-жаза кодексинин 258-беренеси ("Шалаакылык") менен кылмыш иши козголгон.
Ал эми маркумдун "Көрүстөндөгү коррупция" телепрограммасы үчүн сотко кайрылгандардын доо арызы ушу тапта Бишкектин Ленин райондук сотунда каралууда. Ошол эле кезде программада ашкереленген терс көрүнүштөрдү укук коргоо органдары иликтеп бүтө элек.
Пикирлерди көрүңүз (3)
дагы пикирлерди жүктөө