Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Декабрь, 2021 жума, Бишкек убактысы 20:53

Сириянын Манбиж шаарындагы теракт 16 өмүрдү жалмады


Манбиж шаарынын чет-жакасы.

Сириянын Манбиж шаарында жанкечти өзүн жардырып, бери дегенде 16 адам курман болду. Үч киши жараат алды. Каза тапкандардын арасында АКШнын төрт жараны бар, алардын экөө аскер кызматкерлери болчу.

"Reuters" агенттиги 16-январдагы жардыруу үчүн жоопкерчиликти "Ислам мамлекети" террордук тобу мойнуна алганын билдирди.

Манбиж шаары 2018-жылдын соңку күндөрүндө бийликтин көзөмөлүнө өткөн. Анын алдында АКШнын президенти Дональд Трамп "Ислам мамлекети" тобу жеңилгенине байланыштуу америкалык кошуундар Сириядан чыгарыларын айткан.

Трамптын бул чечими АКШнын коргоо тармагындагы аткаминерлерди нааразы кылган.

XS
SM
MD
LG