Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Ноябрь, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 21:09

Мирлан Бакиров Талантбек Тынысовдон кечирим сурады (видео)


Мирлан Бакиров жана Талантбек Тынысов.

Жогорку Кеңештин вице-спикери Мирлан Бакиров Баштапкы кесиптик билим берүү агенттигинин финансы-экономикалык бөлүмүнүн жетекчиси Талантбек Тынысовдон кечирим сурады.

Анын 16-январдагы парламент жыйынындагы окуяга карата комментарийин жана кечирим сураган видеосун Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы таратты.

Бакиров айрым маалымат булактары "кызматкерди жыйындан кууп чыкты" деп бурмалап кабар таратканын белгилеп, жыйын өткөрүүнүн эрежесин гана эскерткенин, Тынысов суроолорго так жооп бере албаганын, даярдыксыз келгенин кошумчалады.

- Мамлекеттик кызматта улуу-кичүү деген болбойт. Экинчиден, өкмөт менен парламенттин ортосунда конкреттүү маселеде талкуу болуп жатат. Биз "Сый көрүп кетиңиз" деп же башка маселе менен чакырбайбыз. Эгер ошол инсандын аброюна, үй-бүлөсүнө, коомчулукка катуу тийген болсо, үзүр сураймын, - деди Бакиров.

16-январда Жогорку Кеңештин жыйынына көйнөк эмес, футболка кийип келгени үчүн Билим берүү жана илим министрлигине караштуу Башталгыч кесиптик билим берүү агенттигинин финансы-экономика бөлүмүнүн жетекчиси Талантбек Тынысов жыйындан чыгарылган. Бул окуя коомчулукта сынга кабылган. (SE)

Пикирлерди көрүңүз (40)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG