18-январда Кыргызстанда жаан-чачын болбойт. Жолдорго муз тоңот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -1...-6, күндүз 8...13,
Талас жергесинде түнкүсүн -2...-7, күндүз 8...13,
Баткен, Жалал-Абад, Ош аймактарында түнкүсүн 0...-5, күндүз 5...10,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -5...-10, күндүз 0...5,
Нарын облусунда түнкүсүн -18...-23, күндүз -10...-15,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -26...-31, күндүз -7...-12 градус болот.
Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Абанын түнкү температурасы -1…-3 градус төмөндөп, күндүз 10…12 градус жылыйт.