Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Декабрь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:22

Токмокто муктаждарга көмүр таратылды


Таратылган көмүр.
Таратылган көмүр.

Токмок шаарында колу жука 30 үй-бүлөгө жети тонна көмүр таратылды. Аны шаардык хатибият  "Биримдик-Токмок» ишканасы жана жергиликтүү тургундары менен бирге уюштурду. Муфтияттын басма сөз кызматы 17-январда билдиргендей, 250 кишиге акысыз түшкү ысык тамак да уюштурулду. 

- Бул ишибизди мындан ары улантууну максат кылуудабыз, - деди Токмок шаарынын башкы имам-хатиби Имиржан Касымов. 

Мындай кайрымдуулук иш-чаралары түрдүү аймактарда жыл сайын уюштурулат. 

Быйыл көмүрдүн баасы ар кайсы аймактарда килограммы 3,5 сомдон 8 сомго чейин сатылууда. (SE)

 

XS
SM
MD
LG