Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Ноябрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:06

Ошко Түркиянын ири ишканалары инвестиция салууга кызыкдар


Ош шаары.
Ош шаары.

Анкара шаарынан келген түрк ишкерлеринин делегациясы эки күндөн бери Ош шаарынын жана Ош облусунун жетекчилери, жергиликтүү ишкерлер менен жолугуп жатат.

Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн адис кызматкери Эмил Шадыкановдун "Азаттыкка" билдиргени боюнча, түркиялык ишкерлерди өнөр жай, курулуш, тоо кен тармагы кызыктырууда:

- Алар жеңил жана оор өнөр жай, тоо-кен иштетүү, курулуш, айыл чарба жана башка тармактарга кызыгуусун көрсөтүп жатат. Мисалы, бир ишкер жакында ишке кирүүчү "Коопсуз шаар" долбоорунун алкагында шаарды жана облус аймагын видео көзөмөл кылуучу камералар менен жабдуу жагын сунуштады. Алар ошондой эле Ош аймагы аркылуу ЕАЭБ өлкөлөрүнө чыгуу жагын да изилдеп жатышыптыр. Азырынча булар таанышып жатышат. Көз караштары жакшы, кийинки жолкусунда долбоор-сунуштар менен келишерин билдиришти.


Шадыкановдун маалыматы боюнча, бул саамалык ТҮРКСОЙ уюму тарабынан Ош шаарынын 2019-жыл үчүн “Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору” деп таанылган иш-чаранын алкагында жүргүзүлүүдө.

Ош шаарын 2019-жыл үчүн “Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору” деп жарыялоо чечими 18-декабрда ТҮРКСОЙдун 36-отурумунда кабыл алынган. Чечим кабыл алууда Ош шаарынын 3000 жылдан ашык тарыхы, Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) колдоосу менен 3000 жылдык мааракеси 2000-жылы Кыргызстанда эл аралык деңгээлде расмий майрамдалганы, шаардагы Сулайман-Тоо ЮНЕСКОнун тарыхый-маданий мурастар тизмесине киргени жана башка жагдайлар эске алынган.(MdN)

XS
SM
MD
LG